Эл өкүлдөрү Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту (фото)

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, анын алкагында анда кыргызстандыктардын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланып, миграция жаатындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү.

Суроо-жооп иретинде өткөн баарлашууда каттоого туруу, төрөлгөн балдарга документ алуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү, ар кандай себептер менен абакка түшүп калгандарды мекенине экстрадициялоо, каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү жана айрым маркумдарды Орусияда жерге берүү үчүн атайын жай бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу маселелери айтылды.

Бардык суроолорго жооп берген Нурланбек Шакиев айтылган ар бир көйгөй менен тааныш экенин айтып, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен өткөрүлгөн жолугушууларда айрым маселелерди көтөргөнүн кошумчалады.

Муну менен катар эмгек мигранттарынын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы өтө чоң экенин белгиледи.

Андан тышкары, Кореянын Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешине депутат болуп шайланган Айсулуу Аширалиеваны мисал кылып: "Орусия жергесинде да эмгеги менен эл ишенимине ээ болгон улан-кыздарыбыз арбын чыксын”,– деген тилегин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан