Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды 

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, ушул жылдын 1-апрелинде А.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Арызында ошол эле күнү саат 16:30дар чамасында “Дордой” базарындагы өтмөктөрдүн биринде коляскасынан 70 000 сомдук iPhone 13 pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалган.

Тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан