Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түз эфирде өзүн жаман сезип, эфир үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Эрдоган Түркиянын Kanal 7 и Ülke TV биргелешкен түз эфирине катышкан. Ал жергиликтүү телеканалдарга интервью берип жатып, өзүн жаман сезген. Белгиленгендей, программанын соңуна жакын эфир үзгүлтүккө учурап, телеканалдын башкы редактору Хасан Өзтүрк суроолорду бергенде экранга чыккан Эрдоган араң жооп берип, командасындагы бирөөгө ишарат кылган.
Кийинчерээк камера журналистке бурулуп, Эрдоган кайра экранга чыккан жок. Эрдоган өзүн жаман сезип жатканын байкаган Өзтүрк президенттин жардамчыларын чакырган. Бир аз тыныгуудан кийин берүү уланды. Эрдоган түз эфирге кайтып келип, көрүүчүлөрдөн кечирим сурады.
"Кечээ жана бүгүн үгүт иштери көп болду. Ошондуктан бир аз сасык тумоолоп калдым", - деген ал.