Министрлер кабинетинин жалпы жамааты Ош улуттук драма театрынын спектаклине барышты 

Министрлер кабинетинин жалпы жамааты Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында коюлган "Кулан" тарыхый драмасын көрүүгө барышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектаклди Бишкек шаарына гастролдоп келген Ош улуттук драма театры койду.

Спектаклдын соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош драма театрынын артисттеринин талантына суктанганын билдирип, быйыл жергиликтүү маданиятты колдоо боюнча чоң программа ишке киргизилип жатканын белгиледи.

"Биздин мамлекет өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түшүп жатат жана азыр биздин алдыбызда маданиятты жандандыруу, Мекенин, эне тилин жана маданиятын сүйгөн кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо милдети турат. Адамдын өзүн-өзү аңдоосун жана өзүнүн күчтүү жактарына болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берген турмуштук баалуулуктарды сиңирүү зарыл", - дейт ал.

Ошондой эле төрага формалдуу эмес шартта театрдын артисттери менен баарлашып, артисттердин жана алардын көркөм жетекчилеринин маселелерин укту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан