"Кумтөр Оперейтинг компани” жабык акционердик компаниясынын 100 пайыз акциясы мамлекеттин менчигине өтөт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 25-апрелдеги жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйында мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилди.
Ага ылайык, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окутуу аркылуу жаш муундун илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын, илим изилдөө институттарынын аспиранттарына стипендия белгиленип, окуунун экинчи жана үчүнчү жылдарында алардын стипендиясы 30 пайызга жогорулатылат.
Ошондой эле Министрлер кабинетинин чечими менен “Учкун” ачык акционердик коому мамлекеттик каражаттардын эсебинен Кыргызстандын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу болуп аныкталды.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өзгөчө жылытуу мезгилине даярдыктар азыртан башталышы керектигин жана өткөн жылдагы электр энергиядагы авариялык учурлар кайталанбашын белгиледи.
Мындан тышкары, “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын акцияларынын 100 пайызын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.
“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКы мурда Кумтөр долбоору боюнча башкаруучу компания болгон. Азыркы учурда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда, алардын долбоордук компаниясы катары “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКты аныктоо болжолдонот, ушуга байланыштуу “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын акцияларына тикелей мамлекеттик ээлик кылуу зарылдыгы келип чыкты. Ошентип, бул чечим менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын акционери болуп калат", - деп айтылат маалыматта.
Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу максатында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кошумча функцияларды берүү чечими кабыл алынды.
Атап айтканда кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана кызыктыруучу лотереянын байге фондун түзүү үчүн товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алуу, ошондой эле аларды лотереянын жеңүүчүлөрүнө акысыз берүү каралат.
Министрлер кабинетинин жыйынында 11 маселе каралып, анын 10ну колдоо тапса, бири кийинки жыйынга калтырылды, мындан тышкары отурумдун күн тартибине кошумча маселелер дагы киргизилди.