Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде мекеменин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, министр ЖАМУнун бардык окуу корпустары, колледждери жана учурда курулушу жүрүп жаткан объектилерин көрүп чыкты.
Ошондой эле ал ЖАМУнун бизнес-стартап долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышты.