Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана чакан ГЭСтерди куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө президенттин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыгынын аткарылышы каралды.
"Төрөбаев жарлыкты ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жакын арада ведомстволор аралык жумушчу комиссия аймактарга чыгып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга жарактуу жерлердин санын жана өлчөмүн (ар бир айыл аймактын шартында) тактоо жана аныктоо иштерин баштайт", - деп айтылат маалыматта.
Жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чакан ГЭСтерди куруу үчүн келечектүү жер тилкелери боюнча алдын ала маалымат даярдоо, ошондой эле аймактардагы жумушчу комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.
Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жер тилкелерин берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин ("бирдиктүү терезе" механизми) аныктоочу жобонун долбоорун тез арада киргизүү тапшырылды.