"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, президенттик администрациянын кызматкерлеринин жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун катышуусунда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчёт берди.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, "Kумтөр Голд Компани" ЖАКнын казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалыматына ылайык, компания өткөн жылы 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүп, анын 17 тонна 284 килограммын сатуу менен 986 миллион 511 миң доллар киреше тапкан.
Ишкана ошондой эле өткөн жылы мамлекетке 32 миллиард сомдон ашуун салык жана башка төлөмдөрдү төккөнүн билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров алтын өндүрүүдөн түшкөн киреше элдин муктаждыгы үчүн түзүлгөн социалдык долбоорлорго жумшалышы жана бардык отчёттордун даректүүлүгү болушу керектигин белгиледи.
“Кумтөр мамлекетке өткөнгө чейин отчёттор ар кандай айтылып келген. Кен мамлекеттин карамагында болгондон кийин отчёттор так болушу керек. Бул үчүн Директорлор кеңеши дагы көзөмөлдү баштан аяк катуу койгула”, - деди ал.
Ошондой эле “Kумтөр Голд Компани” ЖАК быйыл 14 тоннадан ашуун алтын өндүрүү планын койгону кошумчаланды.