Бүгүн, 26-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы иш сапардын алкагында 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.
Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана президенттик администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугат.