Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Роман Власовду узатуу үчүн таң атпай келди. Мындай видео "Поддубный" лигасынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Таң атпай бул жерде болушумдун себеби Роман менен жолугушуу. Ага ийгилик каалап, кучактап кол алышуу. Ал азыр кетип жатат. Беттештен кийин эки сааттай сүйүндүм, андан кийин өзүмдү Роман Власовдун ордуна коюп көрдүм. Азыр менде сүйүнгөнгө каалоо деле жок. Ал мага жакын адам, мен эми баарын унутуп, машыгуумду улантышым керек. Жеңишти майрамдагым деле келген жок", - деди Акжол Махмудов.
Андан кийин ал Роман Власов менен жолугуп, кыска сүйлөшүүдөн кийин кучактап узатты.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Поддубный" лигасынын алкагында Акжол Махмудов Роман Власовду жеңип алган.