Америкалык 34 жаштагы модель Кристина Эштен Гуркани Голливуд жылдызы Ким Кардашьянга окшошуу үчүн жасаткан кезектеги операциясы анын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу моделди акыркы сапарга узатуу үчүн каражат чогултуп жаткан туугандары маалымат каражаттарына билдиришкен.
Белгилүү болгондой, өзүн расмий түрдө "Ким Кардашьяндын эгизи" деп жарыялаган Кристина Эштен 20-апрелде операциядан кийин жүрөгү токтоп каза болду.
Белгилей кетсек, Кристина Эштен Гуркани социалдык тармактарда Ким Кардашьянга окшоштугу менен таанылган. Ал кумиринин ар бир образын туурап, ага окшошуу үчүн оозун, көкүрөгүн, жамбашын чоңойтуп, жүзүнө көптөгөн пластикалык операция жасатып өзү каалаган жыйынтыкка жеткен.
Басылмалар маркум модель белгисиз себептерден улам 4-майда гана жерге бериле тургандыгын жазышат.