Транспорт министрлигинде жалаң жегичтер отурабы? Депутат Сулайманов нааразычылыгын билдирди

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда сөз алган депутат Кундузбек Сулайманов Транспорт министрлигине нааразычылыгын билдирди.

"Илгертеден эле Транспорт министрлиги жегичтердин коому болуп калган. Ушуларды токтотсо болбойбу. Бул жагынан камап жатат, бул жагынан жеп жатат. Канча министр келбесин баары эле жеп келе жатат. Биз былтыртадан бери асфальт жок деп отурабыз. Кара-Көлдө канча деген айылдардын жолу бүтпөй жатат. Булар эмне мыйзамдуу аферист болуп алышканбы", - деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан