Бишкекте шаардык саламаттыкты сактоо боюнча конференция өтүүдө

Бүгүн, 27-апрелде биринчи жолу Борбор Азияда, тактап айтканда, Бишкек шаарында "City Health International" (CHI) конференциясы өтүп жатат. Аталган конференцияда Бишкектеги коомдук саламаттыкты сактоо боюнча актуалдуу маселелерди 15 өлкөдөн келген эксперттер талкуулашты.

"City Health International" - бул жыл сайын өтүүчү глобалдык конференция. Анын жүрүшүндө коомдук саламаттыкты сактоо жана зыянды азайтуу сыяктуу көйгөйлөр талкууланып, буга өзгөчө көңүл бурулат.

Глобалдык коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын директору жана “CHI” конференциясынын уюштуруучусу Кася Ковальчиктин айтымында, конференцияга ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбалуу адистери келишкен.

"Мен "CHI" командасына 2017-жылы кошулгам. Иш-чаранын Кыргызстанда өтүп жатканына кубанып жатабыз. Быйыл биз баңги заттарына, алкоголдук ичимдиктерге жана жугуштуу эмес ооруларга каршы натыйжалуу чара көрүүнүн артыкчылыктарын карайбыз.

Борбордук Азияда жашаган 70 миллиондон ашуун калк ден соолукка байланыштуу бир катар көйгөйлөргө туш болушат. Анын ичинде жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын жогорку деңгээлге жетиши, ошондой эле эне менен баланын саламаттыгына байланыштуу маселелер бар. Бул конферецияны уюштуруп, коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эксперттердин жана ар кайсы региондордон келген изилдөөчүлөрдүн башын бириктирүү - актуалдуу маселелерди чечүүгө, калктын ден соолугун жакшыртуу боюнча стратегияларды иштеп чыгууга жардам бере алат.

"City Health International-2023" конференциясына ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбалуу жана билимдүү баяндамачылары келишти. Алардын арасында Галина Гребенникова да бар. Ал репродуктивдүү ден соолукту чыңдоодо зыянды азайтуу концепциясынын ролу жөнүндө айтып берет.

Ошондой эле сөз сүйлөй тургандардын катарын профессор Толебай Рахыпбеков толуктайт. Ал оорулардын алдын алууда медициналык жана социалдык кызматтын ролу боюнча маалымат берет. Ар бир өлкөнүн өзүнүн көйгөйлөрү бар. Ошол эле убакта, башка мамлекеттер үйрөнө турган ыкмалар жана принциптер жок эмес", - дейт ал.

Белгилей кетсек, "City Health International" конференциясы алгачкы 10 жылда Лондон, Барселона, Амстердам жана Мельбурн сыяктуу шаарларда өткөрүлүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан