Зеленськийдин мурдагы кеңешчиси Садыр Жапаровду Орусияга барбоого чакырды

Украина президентинин мурдагы кеңешчиси Алексей Арестович Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Орусияга пландалган сапарынан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал "ФЕЙГИН LIVE" ютуб каналына берген маегинде айтты.

"Кыргызстандын президенти Москвага барганы жатат. Мен Кыргызстандын президентине салам жолдоп, ошол эле учурда Кыргызстан Евробиримдиктин жардамын алуучу өлкө экенин эскертип кетким келет. Ал президент балдарды уурдаганы үчүн камакка алуу ордери берилген адамга бара жатат", - деди Арестович.

Кийинчерээк, программанын алып баруучусу дагы Садыр Жапаровду Орусияга барбоого чакырды.

из Садыр Жапаровду Москвага барбасын деп чакырабыз", - деди ал.

Буга чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Орусияга бара тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан