Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара кызматташууну кеңири талкуулашты.
"Тараптар өкмөт башчыларынын деңгээлинде боло турган иш-чаралардын уюштуруу маселелерин, атап айтканда, чек арага жакын облустардагы Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешинин кезектеги жыйынын жана эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун өткөрүүнү талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.