Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле буга чейинки сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун мөөнөтүн белгилешти.
"Президенттик аппараттын жетекчилери алдыда өтө турган II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун программасын жана мазмунун канааттануу менен белгилешти.
Өз кезегинде Сардор Умурзаков жогорку деңгээлде болуп өткөн сапарлардын жыйынтыктары Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын динамикалуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө олуттуу түрткү бергенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.