Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын жетекчиси Тамерлан Осмонов Базар-Коргон шаарынын мэри болуп дайындалды.
Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиргендей, жаңы кызматка дайындалган Тамерлан Осмоновду Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков куттуктап, ишине ийгиликтерди каалоо менен узатты.
Осмонов Тамерлан Орунбекович 1985-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, юрист кесибине ээ болгон. Ал Жалал-Абад шаардык кеңешинин V, VI чакырылыштарынын депутаты болгон.
2020-жылы Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлѳрдү ташуучу муниципалдык автобазасына жетекчи болуп дайындалып, ошол эле жылы шаардык мэриянын Жол башкармалыгынын башчысы кызматына которулуп, ушул мезгилге чейин аталган ишкананы жетектеп келген.