"Башка өлкөгө экспорттойлу". Токтошев Россельхознадзордун бөгөт коюу чараларын сындады

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында эл өкүлү Эмил Токтошев жыл башынан бери Россельхознадзор тарабынан Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга бир тараптуу бөгөт коюу чаралары көбөйгөнүн сынга алды.

Токтошев ЕАЭБге мүчө болгон ар бир өлкө өндүрүштө тең ата өнөктөш болушу керектигин белгиледи.

"Тилекке каршы, Кыргызстандын продукцияларына кысым күчөп кеткенин көрдүк. Атай кетсем, балык чарбасына, эң ири колбаса өндүрүүчү компания болгон "Тойбосско", сүт өндүрүүчүлөрүнө - товарларын экспорттоого бөгөт коюлду. Ошондой айыл чарба өсүмдүктөрүн да текшерүү күчөгөнүн белгилеп кетем. Мындан эки күн мурда Россельхознадзор Кыргызстандын жүгөрүсүндө да ГМО бар деп жарыялады", - деди депутат.

Ошондой эле ал жакында өлкөдөгү мөмө-жемиштер бышарын жана коңшу өлкөлөргө ири көлөмдө экспорттоло баштарын белгилеп, аларга карата дагы башка дооматтар коюлбайт деп эч ким кепилдик бере албай турганын кошумчалады.

"Балык чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын 90 пайызы Орусияга экспорттолуп келген, эгерде бул бөгөт алынбаса, анда бул тармак толук талкалануу коркунучунда турат. Же башка өлкөлөргө эспортко чыгууга жаңы рынок табыш керек", - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары ал маселени чечүүнүн бир катар жолдорун сунуштады.

"Башка товарларга да чектөөлөр кирбеши үчүн Роспотребнадзор менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Ошондой эле Орусиядан башка да Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстанга экспорт кылуу жолдорун издөө зарыл. Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына кайрылып, ЕАЭБ мыйзамдарынын принциптерин сактоону талап кылуу абзел", - деди Токтошев.

Белгилей кетсек, 25-апрелде Россельхознадзор Кыргызстандан жеткирилген 14,2 тонна жүгөрүнүн үрөнүнөн ГМО табылгандыгын билдирген. Ал эми 21-апрелде Орусия Кыргызстандан сүт азыктарынын бардык түрүн импорттоону убактылуу токтоткон.

Ага чейин Кыргызстандан импорттолгон балыктарга тыюу салган. Ошондой эле Россельхознадзор апрель айында адал эт азыктарын өндүргөн "Тойбосс" компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы менен соя аныкталганын кабарлаган, компания билдирүүнү четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан