Жогорку Кеңештин расмий сайтына депутаттардын алтын куймалары менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланды.
Депутат Арсланбек Малиев комиссия кенге барып, иштин жүрүшү жана ишкананын документтери менен таанышканын айтты.
"Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан 19,2 тонна алтын жоголуп, белгисиз өлкөлөргө ташылганы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Буга байланыштуу анын аныктыгын текшерүү боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан бирден өкүл кирген. “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын өкүлдөрүнө комиссияга төрагалык кылуу сунушу берилип, депутат Исхак Масалиев жетектей баштаган. Бирок эмнегедир кийинчерээк комиссияны жетектөөдөн баш тартты. Натыйжада мени төрагалыкка шайлашты. Алтынга байланышкан маселелердин баардыгы эзелтен талаш-тартыш менен коштолуп келгендиктен, жагдайдын маанилүүлүгүн эске алып, иликтөө ишин акыйкат жүргүзүүгө толук аракеттендик. Бардык кызыкдар тараптардын пикирин угуу максатында бир катар жыйындарды өткөрдүк. Алтын чыккан жерден баштап, өндүрүлгөн алтынды сактоочу жайга чейинки бардык этапты өз көзүбүз менен көрүп, жеринде тааныштык. Андыктан бул депутаттык комиссия өзүнө коюлган талапты чоң жоопкерчилик менен аткарды деп айта алам", - деди Малиев.