Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат. Чек ара 29-апрелден 1-майга чейин жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
"Чек ара Кытайда Эмгек күнүн белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, “Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттеринен унаалар жана жарандар 2-майдан тарта өтө баштайт.