Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кара-Суу участкасында чакан ГЭС куруу иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда котлаваны казылып, бетондоо иштери жүрүп жатат. Долбоорду "Кайнама ГЭС" ЖЧКсы ишке ашырат. Ал үчүн 2,795 гектар жер бөлүнгөн.
Былтыркы жылы жолу жасалып, суунун жээгине чейинки курулуш иштери бүткөрүлгөн. Андан сырткары жогорку чыңалуудагы линиянын долбоору жасалып жатканы кабарланды.