Кыргызстандыктар май айында беш күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Анда эс алуу 1-майда (Эмгек күнү) жана 5-майдан 9-майга чейин боло турганы белгиленди.
Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында министрлер кабинетинин атайын токтому кабыл алынган.
Ага ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 5-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү болот. Ал эми 8-майдагы иш күн 13-майга которулат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-май — Эмгекчилердин күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.