Нарын менен Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы унаалар берилди (фото)

Бүгүн, 28-апрелде Нарын жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлерине жаңы унаалардын ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, борбордук аппараттын башкармалыктарынын начальниктери, облустардын ички иштер башкармалыктарынын, Ош, Бишкек жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери катышты.

"Өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилди. Аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, унааларды Жалал-Абад жана Нарын облустук ички иштер органдарына тапшырабыз", - дейт Бийбосунов.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилик курамына бардык мезгилдерге ылайыктуу жаңы формалардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Форманы иштеп чыгууда ар кандай климаттык шарттарда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин каалоолору эске алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан