Бишкекте кыз-келиндер үчүн "Технологиядагы мүмкүнчүлүктөр”аталашындагы форум болуп өттү (сүрөт)

Кечээ, 27-апрелде Бишкекте “Борбор Азиядагы кыз-келиндерге маалыматтык-технологиядагы мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы экинчи эл аралык форум өттү. Бул тууралуу "Кыргыз интернет коому" (ISOC) коомдук бирикмесинен маалымдашты.

Форумда жергиликтүү, эл аралык эксперттер жана маалыматтык-технология тармагындагы ийгиликтүү айымдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, космоско спутник учуруу, жасалма интеллект, дүйнө талап кылган кесиптер, социалдык тармактарды пайдалуу колдонуу жана финансылык сабаттуулук сыяктуу темалардын айланасында талкуу курушту.

Иш-чарада санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова сөз сүйлөп, маалыматтык-технология багытында кыз-келиндердин потенциалы чексиз экенин белгиледи.

“Биздин өлкөдө ITге байланыштуу мамлекеттик кызматтардын 15 пайызын айымдар башкарат. Андан сырткары, 5 пайыз код жазган айымдар бар. Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Айымдар баштаган иш-чаралар, демилгелер ийгиликке жетип, жакшы көрсөткүч көрсөтүп келет. Бирок өнүккөн технология алыскы региондогу кыз-келиндерге да мүмкүнчүлүк бериши керек. Мисалы, алар кол өнөрчүлүк, сүт продукцияларын чыгарып же жана башка өздөрүнүн продукцияларын электрондук коммерция аркылуу сата алышат. Демек, биз өлкөнүн бардык аймактарында маалыматтык-технологиялык көндүмдөрдү өздөштүргөндү үйрөтүшүбүз керек”, - деди Шаршенова.

Аталган коомдук бирикменин төрагасы Талант Султанов кыз-келиндерди колдоо багытындагы иш-аракеттери менен ой бөлүштү:

“Интернет коомунун кыргыз бөлүмүнүн принциптери тууралуу айткым келип турат. Биринчи, бул алгач кыздар үчүн деген принцип. Иш-чараларды уюштурууда алгач кыздарга кызыктуу, пайдалуу болобу деген суроо менен баштайбыз. Экинчи, региондор үчүн биринчи деген принцип. Биз өткөргөн иш-чаралардын 1 пайызы гана бүгүнкүдөй шаарда өтөт, калган 99 пайызын региондордо уюштурабыз. Форумду кийинки жылы балким Ошто өткөрөбүз. Кийинки принцип бул биринчи кыргыз тилинде болсун дейбиз. Анткени санариптешүү тармагында кыргызча маалыматтар абдан аз”, - деди ал.

Бул форум Билим берүү жана илим министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, “Эл аралык электр байланыш союзу” (ITU) жана “Интернет коомунун кыргыз бөлүмүнүн”(ISOC) кызматташуусу менен “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнүн урматына карата уюштурулду.

"Форумдун максаты, жаштарды, кыздарды, өзгөчө алыскы айыл-аймактардагы кыз-келиндерди окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу, инклюзивдүү жана гендердик санариптик ажырымды түшүнүүгө көмөктөшүү, STEM билимин жана санариптик көндүмдөрдү окутууну жактоо, ошондой эле аларды маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында карьера жасоого үндөө болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага жалпысынан 200дөн ашык жаран катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан