Орусияда кыргызстандык таксист пенсионердин шылуундарга жөнөткөн жарым миллион рубль акчасын кайтарып берди. Бул тууралуу орусиялык "Рен.тв" телеканалы маалымдайт.
Ага ылайык, Москвада таксист болуп иштеген Жеңишбек Кабылов пенсионерден баштык алып тиешелүү жерге жеткирүү боюнча буйрутма алат. Баштыкты алып жатканда таксист "акча эмеспи?" деп сураганда аял шектүү түрдө "жок" деп жооп берген. Күмөн санаган таксист жолдо бара жатканда баштыкты текшерип, ичинде чоң суммадагы акча бар экенин көрөт.
Мындан улам таксист пенсионер аялдын шылуундардын кылтагына илингенин түшүнүп, буйрутманы жокко чыгарууну ойлойт, бирок бара турган жерине 2-3 чакырым калгандыктан акысын алууну чечет. Жыйынтыгында ал буйрутманы жеткирип бергени үчүн шылуундардан 2 миң рублдан ашуун акы алып, аларга бош баштыкты берип кетип калган. Ал окуя тууралуу полицияга кабар берип, андан соң 84 жаштагы Светлана Малютинага акчасын кайтарып берген.
Учурда полиция кызматкерлери шылуундарга кылмыш ишин козгоп, алардын изине түшкөн.