Эртең Бишкектин 145 жылдыгына карата айрым көчөлөр жабылат

Эртең, 29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мындай чектөө Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу киргизилет.

"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана каттамыңызды алдын ала пландаштырып коюуңузду суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан