ИИМдин орун басары: "30 кызматкерди ички иштер органдарынын катарынан бошоттук"

Бүгүн, 28-апрелде ички иштер органдарынын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов жол коопсуздугун сактоо багытындагы ишмердүүлүктү сынга алды.
"Жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча түзүлгөн шарттардан улам жол кырсыктарынын саны азайышы керек болчу, бирок былтыркыга салыштырмалуу көп катталып, калган көрсөткүчтөр деле азайбастан былтыркыдай эле деңгээлде калгандыгын белгиледи.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары боюнча беренелер ишке киргизилип жол эрежелерин бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү багытында 20дан ашык беренеге айыптар жана жоопкерчиликтер катаалдаштырылган. Бирок ошого карабастан бул багытта кемчиликтер бар экендиги айныксыз", - деп белгиленет маалыматта.
Ошондой эле ички тартиптин сапатынын начардыгына байланыштуу жеке кызыкчылык үчүн иш алып барган кызматкерлер жумуштан кетирип жатканын айткан.
"Жакында эле 30 кызматкерди ички иштер органдарынын катарынан бошоттук. Бир катар жооптуу кызматкерлерди ээлеген кызматтарынан төмөндөттүк, бир катар жетекчилерге ар түрдүү тартиптик жазаларды бердик. Бирок бүгүнкү күндө кызматкерлер арасында дагы деле мыйзам бузуулар орун алып келүүдө.
Качан гана резонанс жараткан жол кырсыгы катталып, адамдар каза болуп, эл арасында чуу жаралгандан кийин иш алып барбастан, жер-жердеги биринчи жетекчилер ар ким өзү жооптуу болгон аймакта жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүү керектиги тууралуу тапшырма беремин", - деген Бийбосунов.
Мындан тышкары эч ким жоопкерчиликтен качпашы керектигин белгилеген.
"Жергиликтүү жетекчилер жол коопсуздугу биздики эмес деп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жергиликтүү жетекчилерге баш ийбейбиз деп отуруп, аягында жолдогу профилактика иштерине эч ким жооп бербей калган. Мындан ары, башкача тартип менен иш жүргүзүлөт.
Тактап айтканда, райондук, шаардык, облустук аймактардагы жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жетекчилери, жер-жердеги жетекчилерге түздөн-түз баш ийип, иштөөгө милдеттүү", - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан