Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады.
"Эдил Жолдубаевич, сүйлөп жатканыңызда абайлаңыз", - деди "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков бүгүн, 28-апрелдеги жыйын учурунда.
Анда "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттардын сарпталышы тууралуу талкуу болгон. Айрым эк өкүлдөрү бул маселени караган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн сынга алышты.
"Бири-бириңерге сый мамиле кылышыңар керек. Сиз бул тармакты көзөмөлдөйсүз, ошондуктан депутаттар сизге суроо берип жатышат", - деди Сыдыков Байсаловго.
Эдил Байсалов эгер мурда туура эмес сөздөрдү айткан болсо кечирим сурай турганын билдирди.
"Мен улуттук көйгөй тууралуу айттым. Бул көйгөйлөрдүн баары жылдар бою топтолуп келген. Баарын бир эле учурда чечүү мүмкүн эмес. Сиздин көзөмөлүңүздө маселени чечебиз деп ойлойм. Кечиресиз" - деди Байсалов.
Эске салсак, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча сунуш президентке жибериле турганы белгилүү болду. Мындай чечим "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттар тобунун кошмо жыйынында кабыл алынды.