Айбек Алтынбеков: Коррупция жоюлмайынча өнүгүү болбойт

Мамлекетте коррупция жоюлмайынча өнүгүү болбойт. Мындай пикирин депутат Айбек Алтынбеков бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" парламенттик фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын жүрүшүндө эл өкүлү өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасына коррупция менен күрөшүүнүн механизмдери камтылышы керектигин айтты.

"Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга тоскоолдук болгон жалгыз нерсе - коррупция. Ар бир министрлик өзүндөгү коррупция менен күрөшпөсө, бул программаны ишке ашыра албайбыз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Капиталдык курулуш башкармалыгы 10 пайыздан акчаны алмайынча эч кимге утту деген чечим бербейт. Билим берүүдө ар кандай акча топтооолор бар. Андан сырткары Транспорт министрлигиндеги заманбап таразалардын өлчөмдөрү, аларды таптакыр жоюу керек же жакшы иштетүү керек. Коррупция жоюлмайынча өнүгүү болбойт ммлекетибизде", - деди Алтынбеков.

Өкмөт мүчөлөрү өз учурунда аталган багыттар боюнча жумуш жасалып жатканын билдиришти. Бирок эл өкүлү эч кандай аракет болбой жатканын айтты.

Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан