Баткенде өткөн килем фестивалына Айгүл Жапарова катышты (видео)

Баткенде шаарында өтүп жаткан "Кыргыз ажары-Баткен килеминде" кароо-сынак фестивалына биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Бул тууралуу маалыматты Улуттук маданий борбордун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, иш-чарадан биринчи айым кол өнөрчүлөрдүн кол эмгектери менен таанышып чыкты.
Белгилей кетсек, кароо-сынакка 7 дубандан 50дөн ашуун кол өнөрчүлөр келди. Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан тандалып алынган соң, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болот.

Иш-чаранын максаты - кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу. Мындан тышкары коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө болуп саналат.

Маалымат үчүн: "Кыргыз ажары-Баткен килеминде" кароо-сынак фестивалы быйыл алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.

Баткенде өткөн килем фестивалына биринчи айым катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан