Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнчаа Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, 27-апрель саат 24:00гө карата абал боюнча 49 талапкер (40 – эркек, 9 – аял) көрсөтүлдү (кабыл алуунун акыркы күнү 8 талапкерден арыз түштү).
"Бүгүнкүгө карата 49 талапкерден 4 талапкер (3 – эркек, 1 – аял) катталды. Ошону менен бирге, 5 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 49ду түздү. Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы ирет 44 талапкердин тизмесин жарыялаган.