Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун куруу маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Тилек Текебаев жумушчу топ менен бирге маселени жеринен көрүү үчүн Ысык-Көлгө иш сапары менен барды.
"Президенттин тапшырмасына ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топко бир апта ичинде курулуш иштеринин жүрүшүн, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун (Балыкчы-Барскоон участогу 0дөн 141,7 чакырымга чейин) куруу маселесин комплекстүү изилдеп, ошондой эле жолдун курулушун андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы коюлду", - деп айтылат маалыматта.