"Көркүнө көрк кошулуп, кулпура берсин!" Садыр Жапаров бишкектиктерди куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө борбор калаа 145 жылды артка таштаган тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда, болгону 752 там жайгашкан бул аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланганын белгилеген.

"Баарыңыздарды Бишкек шаарынын күнү, борбор калаабыздын 145 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Совет мезгилинде баш калаабыз баардык тарабынан бак-даракка бөлөнүп, “жашыл шаар” макамы менен даңкы далайга угулган. Ал эми дүйнө жүзүндө “мрамор шаар” аталган ажайып шаарлардын катарында Бишкектин дагы аты аталышы, албетте, жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык! Ордо калаабыздын мындай эл аралык коомчулук оозанган татыктуу сый-урматка жетүүсүнө мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин зор эмгегин белгилеп айтып кетпесек болбос", - деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле ал Бишкекти кийинки муунга “жашыл шаар”, “мрамор шаар” бойдон сактап, көркүнө көрк кошуп өткөрүп беришибиз парз экендигин кошумчалаган.

"Шаарыбыздын архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө маани беришибиз абзел. Бүгүнкү күндө бульварлар, парктар, ботаникалык бакчалар менен катар маданий жана соода борборлору ачылып, эстеликтер орнотулуп, тарыхый жайларды изилдөө колго алынууда. Маселен, биздин замандын V-VI кылымдарына таандык байыркы Жүл (Джуль) шаар калдыктарынын ордунда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

Ошондой эле шаар калкы менен меймандардын эс алуусуна, экологиялык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү максатында бир катар сейил бактары колдонууга берилип, оюн-зоок борборлору, вело жолдорду куруу улантылууда. Ушундай ыргактан жазбай, кылым карыткан тарыхы бар эгемендүү өлкөбүздүн ордо калаасын дүйнөнүн гүлдөгөн шаарларынын катарына кошууга бар аракетибизди көрөбүз", - деп жазылат анда.

Президент Жапаров сөзүнүн соңунда борбор калаанын көркүнө көрк кошулуп, күндөн күнгө кулпура беришин тилеген.

"Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын жүзү, мамлекеттин жүрөгү болгон Бишкек шаарынын күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Ар бир кыргызстандыкты жаркын келечекке жетелеген, ой-тилектерин ишке ашырууга дем берген, баарын кучагын жая тосуп алган борбор калаабызды сүйө билели, сүрөй билели!" - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан