Зыянды азайтуу концепциясы Германияда опиоддук кризисти жеңүүгө кантип жардам берип жатат?

Зыянды төмөндөтүү концепциясы, зыяндуу адаттар менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири болуп саналат. Мындай ыкма Германияда опиоддук кризис менен күрөшүүдө ийгиликтүү колдонулуп келет.

Баңгизатты ченемден ашыкча колдонуудан каза тапкан учурларды талдоо, 2016-жылы Германияда АКШга караганда адамдар баңгизаттан 10 эсе аз өлгөнүн көрсөттү. Ал эми Кошмо Штаттардагы баңгизатка көз карандылардын саны акыркы он жылда кескин өскөн, ошол эле учурда Германияда бул көрсөткүч өзгөргөн эмес. Эксперттер мындай айырмачылыкты саламаттыкты сактоо жана баңгиликти дарылоо жаатындагы ыкмаларга байланыштырат. Анын ичинде Германияда башка факторлор менен бирге иньекциялык баңгизаттарга көз карандылыктын алдын алуу бөлүгүндө зыянды төмөндөтүү концепциясына негизделген мамиле колдонулат.

Ал эми баңгизаттарды медициналык кызматкерлердин байкоосу алдында коопсуз колдонуу боюнча Safe-injection sites - деп аталган жайлар негизги чечүүчү факторлордун бири болуп калды, мында жугуштуу оорулардын жайылышын жана баңгизатты ченемден ашыкча колдонуунун алдын алуу үчүн таза шприцтер жана башка каражаттар колдонулат. Германияда мындай 20 чакты жай бар, алардан төртөө Гамбургда жайгашкан.

Бишкекте өтө турган «City Health» шаардык саламаттыкты сактоо боюнча XII эл аралык конференцияда ушул жааттагы таанымал эксперт, профессор Хайно Штовер баяндама жасайт. Ал адис Германияда жана башка өлкөлөрдө зыянды төмөндөтүү программаларын өнүктүрүү жана жүзөгө ашыруу долбоорлорун жетектеген.

«Биз зыянды төмөндөтүү концепциясынын мисалында Германияда баңгизат көз карандылыгы менен күрөшүү ишинде баңгизаттарды башкарууга комплекстүү мамилени колдондук. Бул өзүнө баңгизат колдонуунун терс кесепеттерин азайтууга багытталган кеңири иш-чаралар топтомун камтыйт. Бул салттуу тыюу салуудан жана криминалдаштыруудан айырмаланган альтернативдүү жол болуп саналат.

Мында социалдык кызматкерлердин өзгөчө жардамы бар. Алар адамдарга баңгизат колдонууга байланыштуу адаттарын өзгөртүүгө жана ден соолукка терс таасирин тийгизе турган тобокелдикти азайтууга көмөктөшөт. Социалдык кызматкерлер муктаждыктарды башкаруу стратегиясын иштеп чыгууга жана эгерде адам баңгизат колдонууну дароо токтото албаса ага баңгизаттарды коопсуз колдонуу жолун тандоого жардам берүүгө тийиш.

Баңгилик менен күрөшүүдө таасирдүү натыйжаларга жетишүүдө алда канча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн медицина кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташуусу дагы абдан маанилүү».

Хайно Штовер, социолог, философия доктору жана Франкфурт колдонмо илимдер университетинин көз карандылыкты социалдык-илимий изилдөө профессору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан