Жогорку Кеңештин айым депутаттары Баткенде көк өрүк жеп, тамашалашып жаткан видео кызуу талкууга жем таштады. Аны журналист Ибраим Нуракун уулу кечээ, 28-апрелде социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн.
Анын айтымында, кечээ Баткенде Жогорку Кеңештин айым депутаттар форуму жергиликтүү активист аялдар менен жолугуп, талкуу өткөрүшкөн.
Видеодон депутат Айгүл Айдарова кесиптештери Нилуфар Алимжанова менен Жылдыз Таалайбек кызына диалектик сөздөрдү үйрөтүп жатканын көрүүгө болот.
"Мен депутаттарга тренингди мыкты өтөм деп мактанып жүрсөм, бу Айгүл Айдарова депутатыбыз менден да расса кызык тренингдерди өтөт экен, а? Жылдыз Таалайбек Кызы эам, жакшы студент экен. Казыр официальный кийимдерди алмаштырып чыгып, депутат Нилуфар Алимжанова айымды өрүктүн башына чыгарабыз. Анан аны эгизге чыгарып коюп, биз тагинда карап олтурабыз", - деп жазган Нуракун уулу.