"Экс-вице-мэр ыр ырдап". Филармонияда Бишкектин 145 жылдыгы белгиленди (фото)

Бүгүн, 29-апрель күнү борбордогу Улуттук Филармонияда Бишкек шаарынын 145 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чара борбор калаанын тарыхын баяндаган видеоролик менен башталып, андан соң Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров сөз сүйлөдү.

"Бишкек шаары бүгүнкү күндө эгемендүү өлкөбүздүн экономикалык, маданий жана илимий потенциалы жайгашкан, республиканын экономикалык, саясий жактан өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген ири алакага айланды. Шаарыбыз алдыга арышын кенен таштап, жакшырууда жана жашарууда" , - деди калаа башчы.
Ошондой эле Абдыкадыров өз сөзүндө Бишкек шаары гүлдөгөн калаа болоруна убада берди.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын өнүгүшүнө салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана экс-депутаттар мэр тарабынан медаль менен сыйланды.
Иш-чара сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолуп, анда симфониялык жана эл аспаптар оркестринин коштоосундагы ыр-күүлөр жаңырды.
Саамалык “Ала-Тоо” аянтында эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа менен уланмакчы.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан