Мектептерде бомба коюлгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар боюнча жыйын өттү 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен (видеоконференция режиминде) коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жардыруучу заттар коюлгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

"Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан Үсөков өз баяндамасында министрлик тарабынан мындай анонимдүү билдирүүлөргө мамлекеттик органдардын реакциясынын алгоритми көрсөтүлгөн тескеме-инструкция иштелип чыкканын билдирди.

Ошондой эле учурда укук коргоо органдарынын техникалык адистери мындай билдирүүлөрдү таратуунун алгоритмдеринин жана жооп берүү үлгүлөрүнүн схемасы сыналып жаткандыгын белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы бир катар тапшырмаларды бергени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан