Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык багында өткөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров ошондой эле Ботаникалык бактын азыркы абалы менен таанышып чыкты жана аны реконструкциялоо боюнча пландарды укту.
Ишембилик президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулганы кошумчаланды.