Бүгүн, 29-апрель Ош шаарынын борбордук аянтында ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоону жайылтуу максатында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарыш бардык каалоочулар арасында 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта өткөрүлдү. Анын ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитенинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жаштар жана спортчулар катышты.
Спорттук иш-чарага катышкандардын басымдуу бөлүгүн 14 жаштан 74 жашка чейинкилер түзүп, жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.