SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Асылбек Асан.
ӨМҮР - САПАР
Өмүр - сапар. Билбейм канча жол турат?
Өлүм улам жакын калып олтурат.
Бирде ачып, бирде тоскон жолуңду,
Билсең тагдыр - өмүрдөгү жол чырак.
Таштайт жолго салып жаның денеңе,
Дарек бербейт. Берет бирок эреже.
Жолго салып, эрежени үйрөткөн,
Ыраазымын атам менен энеме.
Бирде чаңда, бирде калам баткакта.
Бирде асфальт, бирде жолум таштакта.
Жол чыракка, жолго дагы жараша,
Жортуп барам акырындап максатка.
Ким кайыптыр? Ким сапарда тайыптыр?
“Камералар” жол боюнда жазып тур.
Эрежени бузсаң эгер жолдогу,
Эртең келет дарегиңе "айып пул”.
Күтүп улам жол чырактан жашылды,
Ойлоп мага кандай өңдөр жазылды.
Максатты эмес, багытымды өзгөртүп,
Бара жатам терип айып, акымды.
Ый-муңу бар, бакыты бар күлдүргөн,
Сыйлыгы бар адамдарга түз жүргөн.
Катардабыз. Баарыбызга бир сынак,
Сапардабыз, бир маалымат биз билген.
Ар кай жерде стартыбыз, маарабыз,
Ар өлчөмдө пайда, зыян табабыз.
Үмүт менен кайда, кандай белгисиз,
Үйүбүзгө сапар алып барабыз…
Үстүндөбүз убактылуу “батирдин",
Үйүбүздөн үйүбүзгө барабыз…
ЖАШОО - ШАХМАТ
Жашоо - шахмат. Утуу - максат.
Каршылашым - тагдырым.
Утулсам да, өзүм аттап,
өзүм жүрдүм бардыгын.
Бул оюнда баары таптак,
Көз каранды өзүңдөн.
Ар кырдаалды койгон каттап,
Кокустуктай көрүнгөн.
Каршылашка таарынбаймын,
Жарабасам утууга.
Жаңыламын, жаңылбаймын,
Тандаганым ушу да.
Ар жүрүшүн каршылашым,
Жүрдү мага жараша.
Бул оюндун салгылашын,
Ойлобойлу тамаша.
Карасыңбы, болосуңбу ак,
Туура жүрсөң болгону.
Ак-карасы эриш-аркак,
Арбын мунун жолдору.
Хан, пешкалар, тиги-булар,
Жаңырат да, чабылат.
Оюн бүтсө фигуралар,
Бир кутуга салынат…
АК КӨҢҮЛҮМ
Шаркырап дарыядай акса өмүрүм,
Шашамын ачыктоого калп-төгүнүм.
Канча ирет кагып-силкип, жаман айттым,
Кайрылып кайра келдиң ак көңүлүм.
Бөлүнсөк менден мурун сагынасың,
Көңүлчөөк жаның ылдам таарынасың.
Жакшы сөз айтып койсом жаш балача,
Жаркылдап бир заматта жазыласың.
Мен макоо эч нерсеге кенебеймин,
Өзүмдү түштөн кийин жемелеймин.
Сыртымдан кыйынсынып жүргөн менен,
Ичимден сени эч кимге теңебеймин.
Жаңылдым. Каала кечир, каала коштош!
Жарашат мага сыздаш, мага боздош!
Этибар албаптырмын көп нерсени,
Эркелеп мүнөзүңө апама окшош...
МАЙРАМ - ЭНЕ
Бишкектин чоң жолунда,
Он-жыйырма сом колунда.
Бир эне кайыр сурайт,
Айтпаңыз тоңгонун да.
Аябай бермек экем,
Акчам көп болгонунда.
Айлана сайран эле,
Анткени майрам эле.
Айымдар гүл көтөрүп,
Баарысы жайдары эле.
Апага майрам болмок,
Аш-тамак, айран эле.
Үңүлүп ар адамга,
Үмүттүү караганда.
Жакшы ишке жайнагандан,
Жок бирөө жараган да.
Ашыкча акчам бердим,
Мен иштеп таба алам да.
Жаны - шаң чордону эле,
Чоң соода борбору эле.
Адамдар анча зыкым,
Он, он беш сомго деле?
Тоңуптур эл жүрөгү,
А апанын колдору эле...
Айлана сайран эле,
Башкалар жайдары эле.
Алты сом майрам, гүлдөн,
Ашпайбы байда деле?
Маанисин түшүнөлү.
Март эмес, майрам - эне!
ЖАМГЫР
Күн бүркөлсө, бүркөлөт кабагым да,
Күлкүм качып, үңкүйүп каламын да.
Эске түшөт анткени балалыгым,
Эбелектей анда жаш баламын да.
Жамгыр жааса калчубуз кымгуут түшүп,
Короо чыла. Бутта өтүк. Муздап, үшүп.
Киши шашып жатканда бутка илээшип,
Кире каччу оозгу үйгө кара күчүк.
Чапкан чөбү агаңдын эми жаңы,
Суу болду го атаңдын көңү дагы.
Алалы деп кермеден кийимдерди,
Апам шашып, чакырчу мени дагы.
Чоң атамдын чепкенин кийе калып,
Чогултчумун кермеден кирлерди алып.
Үйгө кирсем, кээ бирде меш үстүнө,
Моордон ылдый жатчу эле тамчы тамып.
Берээгинде чайнекте чай кайнаган,
Агам сыртта, жамгырда мал жайлаган.
Чайнек менен бир кезде баары кайнап,
Шамал, жамгыр шаштырып, айгайлаган.
Атам айтчу "талааны гүлдөтөт” деп,
Жамгыр баркын жакшы эмес билбесек деп.
Билем, бирок жакчу эмес тыптынч жаткан,
Жан дүйнө, мал дүйнөнү дүрбөтөт деп.
Анан жалгыз айнекте үшүп-шишип,
Ойго батчум оронуп калың ичик.
Ошондуктан азыр да жамгыр жааса,
Ойлономун ал күндөр эске түшүп…
Жамгыр жааса көңүлүм чөгө берет.
Жамгырга не? Нөшөрлөп төгө берет.
Жакшы. Бирок мен жакшы көрө албадым.
Жалгыздатып себеби бөлө берет…