Нарында 7 жашар кызды өлтүрүүгө шектелип 64 жаштагы айылдашы кармалды

Нарын районунда 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 64 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Н.А.К. милиция кызматкерлерине 2016-жылы туулган кызы Ж.А.Ж. мектебинен чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жаткандыгы тууралуу маалымдаган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 28-апрелде саат 12:00 чамасында Ж.А.Ж. Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан үйүнөн айылдагы орто мектепке жалгыз окуганы кетип, кайра саат 15:30дарда сабактан чыгып, болжол менен саат 17:00-17:30дар аралыгында үйүнө келбей калгандыктан, апасы Н.А.К. милиция кызматына билдирип жана айылдыктардын WhatsApp группасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазганы аныкталган.

Айыл эли чогулуп издөө иштерин уюштурган. Болжол менен саат 22:10 чамасында Орто-Нура айылындагы киши жашабаган үйдүн ичинен Ж.А.Ж. жансыз денеси табылып, сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонуунун белгилери байкалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип аталган айылдын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122 беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул факт ИИМдин жана Нарын ОИИБинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан