Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү 2 күнгө токтотулат

2-3-май күндөрү Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

2-май күнү саат 10:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү даректерде суу берилбейт:

Аламүдүн суусу – Ахунбаев көчөсү – 7-апрель көчөсү – Көк-Жар айылы – Улан-1, Улан-2 кичи райондору –Көк-Жар конушу.

3-май күнү саат 08:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректерде суу берилбейт:

Ахунбаев, Курчатов, Тыналиев жана Миңжылкыев көчөлөрү.

“Бишкексууканал”мекемеси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан