Милиция кызматкерлери май айындагы майрамдар учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт  

Май айындагы майрамдар учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ар түрдүү кырдаалдарга болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында министрликтин өздүк курамы 1-майдан 10-майга чейин күчөтүлгөн тартип менен кызмат өтөөгө киришет.

"Милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Салтанаттуу массалык иш-чаралар жана элдик майрамдар өткөрүлүүчү жерлерде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милициянын кезметтеринин күчөтүлгөн нөөмөтү каралган", - деп жазылат маалыматта.

Майрам күндөрү республика боюнча жарандардын коопсуздугун камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкери тартылары кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан