Бүгүн, 30-апрелде президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүнө барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул борбор 100 орунга ылайыкташып, атайын борбордук нерв системасынын оорулары, тагыраак айтканда церебралдык шал оорусу менен балдарды дарылоого багытталган.
Анын аймагында ошондой эле дарылык касиетке ээ жана оорулуунун организминин нерв системасындагы бузулууларды калыбына келтирүүгө оң таасирин тийгизген термалдык радон булактары бар.
Учурда “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүндө өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 72 бала дарыланууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 500дөн ашык бала реабилитациядан өткөн.
Санаторийде совет доорунда курулган 3 корпус бар, алар бүгүнкү күндө капиталдык реконструкцияга муктаж. Ошол эле учурда балдарды реабилитациялоо жана аларды карап жаткан ата-энелер үчүн зарыл шарттар бар.
Мамлекет башчысы реабилитациялык борборду кыдырып чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашууда мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын белгиледи.