Голливуддун сценаристтери айлык-акынын аздыгынан улам иш таштоону башташат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирет.
Агенттиктин маалыматына караганда, сценаристтер менен голливуддун студияларынын ортосундагы келишим бүгүн, 1-майда аяктайт. Бирок тараптардын сүйлөшүүлөрү эч кандай жыйынтыкка алып келген эмес.
"Эббот башталгыч мектеби" сериалынын сценаристи, жазуучу Бриттани Николстун айтымында, алар чындыгында эле иш таштоого даярданып жатышат.
"Сценаристтер иш таштоого даярданып жатабыз. Биздин бул кадамыбыз теле жана кино долбоорлорун иштеп чыгууну жана өндүрүүнү дароо үзгүлтүккө учуратат", - дейт ал.
Белгилей кетсек, сценаристтердин бул кадамы акыркы 15 жылдагы эң ири иш таштоо болушу мүмкүн. Эгерде иш таштоо узакка созулса, күзгү телесезонго көрсөтүүлөр чыкпай калуу коркунучунда.