Мексиканын Наярит штатынын Компостела муниципалитетинде автобус жол кырсыгына кабылып, 18 жаран көз жумду. Дүйнөлүк басылмалар жазышкандай, кырсыктан кеминде 33 адам ар кандай оордуктагы жаракат алышкан.
Ошондой эле жабырлануучулар аймактагы медициналык мекемелерине жеткирилип, жеринде укук коргоо органдары иш алып барууда.
Маалыматта жаракат алгандардын арасында 12 жашка чейинки 8 бала бар экени да айтылат.