Коңшу Казакстандын Актөбө шаарындагы СИЗОдо 35 жаштагы аял менен анын 16 жаштагы баласын өлтүрүүгө шектелген адам камеранын ажатканасында асынып алды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Кылмыш ушул жылдын 29-март күнү болгон. Анда Актөбө шаарындагы Жеңиш проспектисиндеги 30-үйдүн батиринде 35 жаштагы Екатерина Гетина жана анын 16 жаштагы уулу Вадим өлтүрүлгөн. Жабырлануучунун кызы 13 жаштагы София оор жаракат алган. Окуучу кыз тез арада реанимацияга жеткирилип, кийин операция жасалган.
Ал эми кылмышка шектүү 10-апрелде кармалган.
Кылмышка шектүүнүн жансыз денеси бүгүн, 1-майга караган түнү СИЗОнун ажатканасында асынган абалда табылган. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталды.