Нарындагы 7 жаштагы кыздын өлүмү: Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан чыгарылып, Бишкекке көчүп келди

Нарындагы 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жарандын үй-бүлөсү Бишкек шаарына көчүп кетти. Мындай талапты каза болгон кыздын жакындары койгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын районунун акиминин орун басары Анара Орозказиева билдирди.

"Кыздын жакындарынын талабы менен ал үй-бүлө Бишкектеги уулунун үйүнө көчүп кетишти. Учурда ошол жакта жашап жатышат. Ал эми кызынан айрылган үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик тарабынан материалдык жактан жардам көрсөтүлүп жатат. Абалынан кабар алып, моралдык жактан да колдоо көрсөтүүгө аракет кылуудабыз. Мындан сырткары алардын жашап жаткан үйүнүн документ иштери бүтө элек экен. Ал тараптан да толук кандуу жардам берилип жатат", - деди Орозказиева.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде Нарын районунун Орто-Нура айылында 7 жаштагы Аруукенин жансыз денеси табылган. Ал ушул эле күнү саат 12:00 чамасында окууга кеткен боюнча кайра үйүнө кайтпай калган. Анын жансыз денеси айыл четиндеги эч ким жашабаган үйдөн кечки саат 22:10до табылган. Анын сөөгү 29-апрелде жерге берилди.

Аталган кылмышка шектелип ушул эле айылдын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалган. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Наристени зордуктоо болгонбу, жокпу Нарын милициясы азырынча кененирээк маалымат бере элек. Бирок кыйноо белгилери аныкталганы айтылып, экспертиза жүрүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан