АКШда кумдуу бороондо 100гө жакын унаа кагышып, алты адам каза болду (фото)

АКШнын Иллинойс штатында кумдуу бороондон улам 100дөй унаа кагышып, 30 адам жаракат алып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кызматкерлери маалымат каражаттарына билдиришкен.

Ага ылайык, чаңдуу бороондо 60тай жеңил унаа 30дай жүк ташуучу унаа кагышып, анын экөөсү күйүп кеткен.

"Учурда бизде 30дан ашык жабылануучу жана 6 адамдын каза болгондугу тууралуу маалымат бар. Кырсыктан жаракат алгандар эки жаштан 80 жаштагы чейинки жарандар, алардын баары ооруканага жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кырсыкка фермердик эгин талаасындагы топуракты учуруп кеткен шамал себеп болгон. Мындан улам кумдуу бороон башталып, жолдор көрүнбөй калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан