"Ушундай окуядан кийин Таласка бирөө келеби?" Орунбеков негативдүү маалымат таратпоого чакырды

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков туристтик сезондун алдында кыргызстандыктардан жана анын ичинде ЖМКлардан негативдүү маалыматтарды таратпоону суранды.

Анын айтымында, тоо туризмине кызыккандар ириде жаратылышы жагымдуу өлкөлөрдү тандашат, бирок андан да маанилүүсү өлкөдөгү коопсуздук болуп саналат.

"Алдыңкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сыяктуу көрүнүштөр кесепетин тийгизет. Аны болсо биз баарыбыз жарышып таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?! Туризм өнүккөн башка өлкөлөрдө деле кылмыш, кырсыктар болот, бирок алар жарыялап, өз мамлекетинин кадыр-баркын түшүрбөйт", - деп жазды Орунбеков.

Ошондой эле ал жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырса пайдалуу болорун кошумчалаган.

"Кырсык, кылмыштарды зарылчылык болуп баратса кыргыз тилинде, майда шрифт менен жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт. Кырсык менен кылмышты алдын алуучу, кесепети менен күрөшүүчү тиешелүү тармактарыбыз деле кемчилиги болсо да, Кудайга шүгүр, иштеп жатышат. Албетте, бул пикирге айрымдар кошулбашы мүмкүн. Биз эркин өлкөдө жашайбыз, ар бириңиздердин өз пикириңиздер бар. Айрыкча социалдык тармактарда бирдеме десең эле бөйрөктөн шыйрак чыгарчуларыбыз да көп. Эркин медиалардын көз карашы, принциптери, пикирлери да ар кыл болушу мүмкүн. Бирок, урматтуу мекендештер, көз караштарыбыз окшош болбосо дагы мамлекеттин имиджин көтөрө турган маселеде бирдиктүү болсок", - деди ал.

Маалымат катчы мындан сырткары ЖМКлар окурман топтоо үчүн кырсык, кылмыш, агрессия аралашкан маалыматтарды таратышат деп эсептейт.

"Кээ бир блогербиз дегендер мамлекетибиздин репутациясын түшүрө турган маалыматтар менен окурман чогултуп, сенсация жаратып, элдин көңүлүн буруу, катталуучу чогултуу деген жаман адат да таап алышкан. Мүмкүн болсо мына ушундай илдеттерден арылсак. Өлкөбүз бирөө эле, ал биздин - Кыргызстаныбыз! Ушуну ар бирибиз жүрөгүбүзгө түйүп алалычы", - деди Орунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl27
2023-05-02 13:40:00
Соц тармакта жалан эле негатив жазган кыргыздар. Сабырсыздык, сабатсыздык, бироонун кызын, баласын басынтмай. Анан дагы эки жуздуулор ыймандуубуз деп чыга калышат.
0
Asyl27
2023-05-02 14:08:00
Элдин сабатсыздыгын жоюу керек. Ошондо Европа, АКШ ж.б олколордон адамдар келишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан